АЛА-ТОО УЮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛА_ТОО УЮ‒ сүт-эт багытындагы уй породасы. Тоо, талаа шартына көнүккөн, сүттүү, эттүү уй алуу максатында жерг. инектерди швец жана кострома уйларынын букалары менен аргындаштырып, Кыргызстан менен Казак Респ-сынын асыл тукум уй өстүрүүчү чарбаларында чыгарылган. Порода 1950-ж. бекитилген. Өӊү күрөӊ, денеси чымыр, башы чоӊ, кеӊ көкүрөк, өркөчү жазы, соорусу жайык, желини тегерек, эмчеги узун. Өркөчүнөн бийикт. 129 см, дене уз. 171см, көкүрөк курчамы 197 см, бутунун жоондугу 20см. Инегинин салм. 500‒600 кг, букасыныкы 800‒900 кг. Сүтүнүн майлуулугу 3,8‒3,9 %, айрымдарыныкы 5%. Эти даамдуу. Негизинен Кыргызстан жана Казак Респ-ларында асыралат. Кыргызстанда уй асылдандыруу жана колдон уруктандыруу станцияларында А. у-нун букалары пайдаланылат.
Ад.: Всяких Л. С., Пак Д. Н. Алатауская порода крупного рогатого скота. М., 1954; Дүйшекеев О. Ала-Тоо тукумундагы уйлар жана аны өркүндөтүү. Ф., 1972.

Файл:АЛА-ТОО УЮ31.png