АЛА-ТОО УЮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
‒ сүт-эт багытындагы уй породасы. Тоо, талаа шартына көнүккөн сүттүү, эттүү уй алуу максатында жерг. инектерди швец ж-а кострома уйларынын букалары м-н аргындаш тырып, Кырг-н м-н Казак Респ-сынын асыл тукум уй өстүрүүчү чарбаларында чыгарылган. По

рода 1950-ж. бекитилген. Өӊү күрөӊ, денеси чымыр, башы чоӊ, кеӊ көкүрөк, өркөчү жазы, соорусу жайык, желини тегерек, эмче ги узун. Өркөчүнөн бийикт. 129 см, дене уз. 171см, көкүрөк курчамы 197 см, бутунун жоондугу 20см. Инегинин салм. 500‒600 кг, букасыныкы 800‒900 кг. Сүтүнүн майлуулугу 3,8‒3,9 %, айрымдарыныкы 5%. Эти даамдуу. Негизинен Кыргыз ж-а Казак Респ-ларында асыралат. Кырг-нда уй асылдандыруу ж-а колдон уруктандыруу станцияларында А. у-нун букалары пайдаланылат.
Ад.: Всяких Л. С., Пак Д. Н. Алатауская порода крупного рогатого скота. М., 1954; Дүйшекеев О. Ала-Тоо тукумундагы уйлар ж-а аны өркүндөтүү. Ф., 1972.

Файл:АЛА-ТОО УЮ31.png