АЛА-КӨЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:30, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 ‒ Тескей Ала-Тоонун түн. капталын дагы көл. Каракол өрөөнүнүн оӊ капталындагы кууш коктуда жайгашкан. Уз. 2,8 км, эӊ жазы жери 600‒700 м. Аянты 1,5 км2дей. Көл чанагы деӊиз деӊг. 3532 м бийиктикте жатат. Мөӊгүдөн агып чыккан чакан өзөн көлдү толуктап турат. Бөгөт көлдөрдүн тибине кирет. Көл суусу бөгөттүн астынан сарыгып агып чыгып, Каракол суусуна куят.