АКШАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 ‒ тартылган дандын элегенден кийинки кесеги; дан өсүмдүктөрүнөн даярдалган азык. А. таруу, күрүч, жүгөрү, арпа, сулу, буудай ж-а буурчактан тартылат. Адегенде данды калбырлап, жууп, тазалап, кургатат. Сокуга салып, күйшөп, кабыгынан ажыратат. Тегирменге же жаргылчакка тартып, элек м-н эленет. А-тан ботко, А. жарма ж. б. жасалат. Бүгүнкү күндө атайын технология м-н А-тын көп түрлөрү даярдалууда.