АКЦИОНЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:44, 20 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКЦИОНЕР ‒ 1) акциялардан дивиденд түрүндө пайда алуучу акция ээси. Акционер акционердик коомго акцияда белгиленген акционердик капиталдын бир бөлүгүн анын номиналдык баасы боюнча төлөйт. Акционердин башка милдеттери акционердик коомдун уставында көрсөтүлөт; 2) компаниянын капиталынын жана пайдасынын бир бөлүгүнө, директорлорду шайлоого катышууга жана башка маселелерди чечүүгө анын укугун ырастоочу сертификаттын ээси.