АКУЦИОНОК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
14:00, 8 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКУЦИОНОК Петр Антонович (24. 4. 1922, Белоруссия, Витебск обл., Шумилино шаарчасы ‒ 1943, Гомель обл., Лоев шаарчасы) ‒ Сов. Союз. Баатыры (1943). 1941-ж. Белоруссиядан Кырг-нга эвакуацияланган з-д м-н кошо келген. Таш-Көмүрдөгү шахтада иштеген. 1942-ж. Сов. Армиянын катарына чакырылган. 685-аткычтар взводунун командири (Борб. фронт, 65-армия, 193-аткычтар дивизиясы) болгон.

Файл:АКУЦИОНОК13.png

Днепр операциясына катышып, эрдик көрсөткөндүгү үчүн Сов. Союз. Баатыры деген ардактуу наамга ээ болгон (өлгөндөн кийин). Лоев шаарчасындагы көчө, Шумилинодогу көчө ж-а мектеп анын ысмы м-н аталат. Ленин ордени м-н сыйланган.