АКУСТИКАЛЫК ТОЛКУН ӨТКӨРГҮЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:44, 31 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АКУСТИКАЛЫК ТОЛКУН  ӨТРӨГҮЧ — акустикалык энергияны өткөрүүчү түтүктөр. Алардын өзгөчөлүгү ички же сырткы чөйрөнүн касиеттеринен кескин түрдө айырмаланып, түтүк, зым же стержень түрүндө болот. А. т. ө. сырткы ж-а ички чөйрөлөрдө кескин айырмаланбаган, ал касиеттер бир чөйрөдөн экинчисине акырындык м-н өткөн туташ бир тектүү эмес чөйрөдө да пайда болушу мүмкүн. Мындай А. т. ө. атм-рада ж-а океанда түрдүү темп-радагы катмарда байкалат. Жасалма А. т. ө-кө үн өткөрбөөчү дубал (мис., желдетүүчү канал, тоннель) м-н чектелген түтүктөр, ал эми табигый А. т. ө-кө кадимки чөйрөлөр (мис., океан) кирет.