АКУСТИКАЛЫК ОПТИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:33, 31 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АКУСТИКАЛЫК ОПТИКА ‒ оптиканын электр-магниттик толкундардын катуу ж-а суюк заттардагы үн толкундары м-н өз ара аракеттешүүсүн үйрөтүүчү бөлүмү. Көпчүлүк А. о. түзүлүшүнүн иштөөсү ультраүндө жарыктын дифракция кубулушуна негизделген. Дифракцияланган жарыктын кыйшаюу бурчу үндүн толкун узундугуна көз каранды. Кабыл алынуучу үндүн жыштыгын өзгөртүү м-н ошол бурчту каалагандай өзгөртүүгө болот. Бул принциптин негизинде А. о. дефлектор ж-а сканерде колдонулат. Жарыктын үн м-н өз ара аракеттешүүсү когеренттүү жарык нурлануусун башкаруу үчүн оптикада, электроникада, лазер техникасында кеӊири пайдаланылат, о. эле жарык сигналынын амплитудасын, поляризациясын, спектр  түзүлүшүн ж-а жарык нурунун таралуу багытын башкарууга болот. Негизги нур м-н дифракция нурунун арасында энергиянын бөлүштүрүлүшү үндүн интенсивдүүлүгүн өзгөртүү м-н башкарылат. Бул эффект жарык агымынын интенсивдүүлүгүн башкаруучу акустикалык модулятордо пайдаланылат.