АКУСТИКАЛЫК МАТЕРИАЛДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 ‒ имарат бөлмөсүнүн акустикалык сапатын, касиетин жакшыртуу үчүн пайдаланылуучу материалдар. Алар үн жутуучу ж-а үн өткөрбөөчү материал дар болуп бөлүнөт. Айнек буласынан же минералдык кебезден жасалган тешиктүү текчелер ж-а акустикалык шыбактоо үн жутуучу материал болуп эсептелет. Полдун, шыптын ж-а дубалдын арасына коюлуучу асбестоцементтен, жыгач буласынан, борпоӊ пластмассадан ж-а минералдык кебезден жасалган серпилгичтүү текчелер ‒ үн өткөрбөөчү төшөлмө. Бул материал дар өнөр жай ишканалары ж. б. имараттардын ичиндеги пайда болгон ызы-чууну сиӊирүү үчүн, коомдук жайларда (зал, аудитория, радиостудия) үндүн жакшы угулушун камсыз кылат.