АКУЛОВА Динара

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:57, 23 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКУЛОВА Динара (10. 9. 1964-ж. т., Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Светлая Поляна айылы) – кыргыз эстрада ырчысы жана киноактриса. Кыргыз Республикасынын эл артисти (2021). Ал Караколдогу Ы. Туманов атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайын, ошондой эле Бишкектеги искусство институтун бүтүргөн. К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде альт комузда ойногон. Комуздун коштоосунда элдик ырларды мыкты аткарган. Кийин эстрада ырларына өткөн. «Эй, жазгүлүм», «Мен сени сүйөм», «Өмүр»,  «Аккордеон», «Ак куу белең Айперим», «Эламан», «Таалайым», «Ырдап берем», «Музыкалык сабатым жок», «Жайлоодо», «Кыздын сыры» ж. б. у. с. ырларды жогорку чеберчиликте аткарып, эл оозуна алынган.