АКТИНОГРАФ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:05, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКТИНОГРАФ (актино… жана гр. grahpe ‒ жазып жатам) ‒ күн радиациясын автоматтык түрдө тынымсыз жазып туруучу прибор. К а б ы л а л у у ч у жана к а т т о о ч у бөлүктөрдөн турат. Күнгө багытталып айланган кабыл алуучу бөлүктүн милдетин көбүнчө термоэлектрдик актинометр, каттоочу бөлүктүкүн ‒ гальвано граф аткарат.