АКСУМ
АКСУМ – Эфиопиянын түндүгүндөгү шаар. Адуа ш-нын батышында, деңиз деңг. 2100 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 39,4 миң (2004). Аэропорту, госпиталы бар. Туризм өнүккөн. Болжолдуу б. з. ч. 1-миң жылдыктын орто ченинде Түш. Арабстандан көчүп келгендер негиздешкен. Кийинчерээк Аксум хандыгынын борбору болгон. Үч некрополдун калдыктары (2–4-к.), ак сарай курулуштарынын пайдубалы (4–7-к.) үч нефтүү Мапия Сион собору (17-к.), ага жакын жерде байыркы чиркөө, байыркы Эфиопия, грек жана сабей тилдеринде жазылган гранит эстеликтер (эң бийиги 34 м) табылган. Ал эстеликтердин бирөө Римге көчүрүлүп келинип, Пьяцца ди Канона портуна орнотулган. А. ш. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.