АКСЕЛЕРАТОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:36, 19 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү


АКСЕЛЕРАТОР (лат. accelerо ‒ ылдамдатуу) ‒ рынок экономикасын мамлекеттик жөнгө салууда пайдаланылуучу көрсөткүч . Акселератор принциби керектөө чыгымдарынын көбөйүшү же азайышы капиталдын топтолушуна өзгөртүү киргизүүсүнөн келип чыгат. Америкалык экономист Дж. Хикс (1950) жана кейнечилердин башка өкүлдөрү тарабынан өркүндөтүлгөн.