АКРО ЫР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(гр. akros ‒ четки ж-а ыр) ‒ сабынын башындагы тамгаларды жогортон төмөн карай окуганда, көбүнчө ырдын кимге арналгандыгын же ким тарабынан жазылгандыгын билдирген, же кандайдыр бир сөз келип чыгуучу тартипте түзүлгөн ыр. Дүйнөлүк ад-т тарыхында А. ы. байыркы доордо эле пайда болуп, азыркы мезгилге чейин колдонулат. Ал кыргыз поэзиясында да кездешет. А. Токомбаевдин «Жашасын жаз», Ж. Мамытовдун «Акро ыр» деген ырлары мисал.