АКРИДИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:14, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 C13H9N – ачык сары кристалл, дүү­лүктүргүч жыттуу, ароматтык касиетке ээ орг. бирикме. Мол. м. 179,22, б. эрүү 1111°С, кайноо

t 346°С. Жеңил бууланат (сублимацияланат). Көпчүлүк орг. эриткичтерде жакшы, сууда на­чар эрийт. А. начар негиз болгондуктан күч­түү минералдык к‑талар м‑н туз пайда кылат. Орун алмашуу реакциясына кыйындык м‑н кирет. А. таш көмүр чайырында кезигет, дифе­ниламинди кумурска же козу кулак к‑талары м‑н конденсациялоодон, акридонду калыбына келтирүүдөн алынат. Ал металлды дат басуу­дан сактоодо, баалуу боек, дары‑дармек алууда колдонулат.