АКМАТОВ Бекболот

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:25, 18 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКМАТОВ Бекболот (1936‑ж. т., Ош облусу, Өзгөн району, Жалпак‑Таш айылы) – хирург, медицина илимдеринин доктору (1989), КРдин эмгек сиңирген врачы. КММИни (1960), ошол эле жерде аспи­рантураны (1969) бүтүргөн. Райондук ооруканада хирург, КММИде ассистент, доцент, профессор, 1991-жылдан кафедра башчысы. Боор жана өт хирургиясы боюнча адис. Анын 90дон ашык илимий эмгеги, анын ичинде 1 монография, 9 ойлоп табуусу бар.