АККУЛЬТУРАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:31, 8 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АККУЛЬТУРАЦИЯ (англ. acculturation, лат. cultura – билим, өнүгүү) – адатта, калктардын маданияттарынын бири‑бирине өз ара таасир этүү процесси; бир элдин маданиятын башка бир элдин бүтүндөй же жарым‑жартылай кабыл алышы. А‑нын төмөндөгүдөй түрлөрү кездешет: 1) жеке адамдардын же топтордун башка мада­ний чөйрөгө ыкташы; 2) коңшу жашаган түрдүү маданий чөйрөлөрдүн бири‑бирине тийгизген таасири; 3) калкынын саны басымдуу, маданий салттары күчтүү элдин майда элдерге тийгизген таасиринен ал элдин мад‑тынын өзгөрүүсү. А‑нын натыйжасында жаңы улуттар, маданий системалар пайда болгон. Бул процесс байыр­кы доордон бүгүнкү күнгө чейин уланып келе жатат. А. айрыкча, улуу геогр. ачылыштардан кийин ургалдуу жүргөн. Мис., Америка конти­нентинин элинин басымдуу бөлүгү А‑нын на­тыйжасы. «А» термини бара‑бара колдонулбай, анын ордуна «маданий гибриддешүү», «поли­культурализм», «маргинализация» ж. б. м‑н ал­машылууда.
А.Көчкүнов.