АКИТАШ ТЕГИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:40, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКИТАШ ТЕГИ негизинен кальцит (кээде ара­гонит) минералынан (Са С03) турган чөкмө тоо ­тек. Курамында кальциттен башка доломит, чопо, кварц, лимонит, глауконит, орг. заттар ж. б. кездешет. А. т. бардык геол. мезгилдердин чөкмө тоо тек катмарларынан жолуктурууга болот. Курулуш ишинде, цемент даярдоодо, ме­таллургияда (флюс катары), агрономияда (кыч­кылданып кеткен кыртышты нейтралдоодо) жана эл чарбасынын башка тармактарында пай­даланылат. А. т. метаморфизм процессине дуу­шар болсо – мраморго, бышырылса – акиташ­ка айланат.