АКВАТИНТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:40, 15 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКВАТИНТА, (итал. acquatinta; лат. aqua – суу, tinto – түс) – терендетилген гравюранын бир түрү. Металл тактанын бетине асфальт чайыры же

Файл:АКВАТИНТА39.png
Аквариум балыктары: 1- макропод; 2- карателес­коп; 3- цихлида тотукуш; 4- берметчен гурами; 5­пульхер; 6- пецилия; 7- эки түстүү лабео; 8- оранда.

канифоль күкүмдөрү (көп учурда экөө тең) менен тегиз себилип, ысытылат; күкүмдөр тактанын үстүнө майда чекитчелер болуп бекип калат. Ушундай жол менен пайда болгон чекмелик кыр­тышка (грунтка) сүрөт түшүрүлөт. Кислотага турук­туу лакты жебилгенин жардамы менен тартыл­ган нерсенин ак бойдон калчу жерине сүйкөшөт жана тактаны кислотага салуу менен аны акырын оюп алышат. Бул ыкманы көп жолу кайталоо менен сүрөттү карартышат жана терең такты алышат. Акватинтанын гравюрасын жасап жаткан учурда кислота күкүмдөрүнүн арасындагы көрүнгөн металл бөлүкчөлөрүн эритет жана тегиз эмес, одуракай үстүңкү бетке ээ болот, ал тактардан көчүргөндө ар кандай деңгээлдеги, түстөгү тактарды берет, к. Тереңдетилген гравюра. Көчүрмөдө А. тушь же акварель менен тартылган сүрөттү элестетет. Аквантинтанын техникалык ыкмалары менен материалдарын өзгөртүп жиберүүчү бир нече жасалыш ыкмала­ры бар. Акватинта 17‑кылымдын 60‑жылдарында Франция­да пайда болгон. Көп учурда аны репродукция­лык техника катары пайдаланышкан.