АКАК ТАШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:26, 22 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКАК ТАШ, а к а к – минерал, халцедондун бир түрү. Хим. формуласы Si02. Өңү кызыл сары, кызгылт сары. Негизинен эффузив тоо тектери­нин көндөйчөлөрүндө жана жаракаларында бо­лот. Янтарь жана кээ бир тунук асыл таштар да (көбүнчө ак түстөгүлөрү) акак деп аталган. Зер­герлик иште колдонулуучу 3‑класстагы кымбат баалуу асыл таш. Кыргыз зергерлери А. Т‑ты шакек, билерик, сөйкө, чолпу, чач учтуктарга, ат жабдыктарына да чөгөрүп, «тогуз төбөлөп» же куткундап көркөмдөшкөн, о. эле шуру, се­деп топчу да жасашкан. Таза болоттон жасал­ган, жыгач саптуу «темир ойгуч» менен жасалга­нын үстүн оюп, күмүштү кызыл жалын кылып эритип, данакер (бура) менен аралаштырып куюу ыкмасы колдонулат. Азыркы мезгилде кол өнөрчүлөрдүн «Кыял» бирикмесинде да өркүн­дөгөн технология менен А. Т‑ты пайдаланып, кыз-­келиндердин асем буюмдарын элдин талабына шайкеш жасап жатышат.