АК ӨГҮЗ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:14, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Борб. Теңир‑Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Какшаал кырка тоосу­нун түн. капталынан башталган Жаңгарт суу­сунун алабында жайгашкан. Уз. 7,4 км, аянты 20,1 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5148 м, этеги 3730 м бийиктикте жатат. Мөңгү аркылуу аты уйкаш ашуу өтөт. Этеги 1943–62‑ж. 500 мге че­гинген. Мөңгүдөн агып чыккан суу Жаңгарт суусуна оң жактан куят.