АК ШОРПО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:11, 17 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК ШОРПО ‒ сүт кошулган ысык, суюк тамак. Койдун жаш этинин тыштуу кабыргасына арка-моюн, карчыга же сулп эт кошуп, муздак сууга салып, кайнап чыкканда чий көбүгүн калкып салып, тузун кем татытып, 1,5‒2 саат отко жай кайнатып, бышырат. Кайнап жатканда улам сапырып турса, шорпосу тунук болот. Бышканда тууралган пиязды салып, мурч, калемпир сээп, сүт куюп, оттон чыгарат. Ак шорпого жупка, жапкан нан кошо берилет. Ак шорпо мүнөз тамак катары эсептелет.