АК ШОРПО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:26, 14 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 ‒ сүт кошулган ысык, суюк тамак. Койдун жаш этинин тыштуу кабыргасына арка-моюн, карчыга же сулп эт кошуп, муздак сууга салып, кайнап чыкканда чий көбүгүн калкып салып, тузун кем татытып, 1,5‒2 саат отко жай кайнатып, бышырат. Кайнап жатканда улам сапырып турса, шорпосу тунук болот. Бышканда тууралган пиязды салып, мурч, калемпир сээп, сүт куюп, оттон чыгарат. А. ш-го жупка, жапкан нан кошо берилет. А. ш. мүнөз тамак катары эсептелет.