АК ТАШ АКИТАШ КЕНИ
АК-ТАШ АКИТАШ КЕНИ Баткен обл-нун Кадамжай р-нунда, Алай кырка тоосунун түн. этегинде. 1968-ж. ачылган. Кен аймагын силур мезгилинин чөкмө тоо тектери түзөт. Акиташ теги сланец тектеринин арасында жайгашкан. Уз. 3,5 км, калыӊдыгы 80 мдей. Ак, кара түстө. Суукка чыдамдуу, жүк көтөрүмдүүлүгү жана кысууга жөндөмдүүлүгү жогору. Запасы 1 млн м3. Дубалды каптап кооздоого жарамдуу.