АК ТАТЫР Баткен районундагы кыштак

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:52, 17 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-ТАТЫР ‒ Баткен облусунун Баткен районундагы кыштак. Аты окшош айыл аймагына караштуу. Баткен ‒ Исфана автомобиль жолунун боюнда. Райондун борбору Баткен шаарынан 40 км түштүк-батыш тарапта. Шураб темир жол бекетинен (Тажикстан) 11 км. Деӊиз деӊгээлинен 1181 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2005 (2009); негизинен мал чарбасында, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар.