АК СОКТО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:48, 15 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК СОКТО (Dactylis glomerato L) ‒ дан өсүмдүктөр тукумундагы көп жылдык чөп. Ал узун жазы жалбырактуу, бийиктиги 100‒120 см, көп сабактуу, суукка байымсыз. Деӊиз деӊгээлинен 2000 мден жогору өспөйт. Беде менен аралаш сепсе бир жерде 6‒8 жыл түшүм берет. Аны Чүй, Талас өрөөндөрүндө беде менен аралаш чөп чабынды же саан уйларга маданий жайыт түзүүдө колдонуп, жай бою 3‒4 ирет мал жайса болот.
Ш. Токтокожоев .