АК СЕРКЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:57, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК СЕРКЕ ‒ кыргыздын улуттук тамактарынын бири; эзилген сүзмө, курут же айран катыкталган шорпо. Ак серке шорпого азыраак суу кайтарып, кесме салып бышырып, сүзүп алгандан кийинки кесменин шорпосуна кымыз, айран же эзилген сүзмө, курут катыктоо менен даярдалат. Эттин шору, кесменин маӊызы, катыктын ачкылы ‒ үчөө кошулган Ак серке ток жана даамдуу болот. Ак серке тамакты сиӊирүү үчүн суусундук катарында «беш бармактан» кийин ичилет.