АК МАМЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:14, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(Atropis Rupr) – дан өсүмдүктөр тукумундагы көп жылдык чөп. Дүйнөдө 86 түрү бар. Түбү борпоң, сабагынын бийикт. 30– 40 см. Арык бойлорунда, нымдуу өзөндө, шор, кум­дуу‑топурактуу жерде өсөт. Анын чөбү июндан августка чейин гүлдөйт. Ал сапаттуу тоют, кура­мында сиңимдүү протеин бар. Жайытта А. м‑ты бодо мал жакшы оттойт. Баш алган убагында сапаттуу тоют камдалат.