АК КУУРАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:49, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(spiraled) – чанактуулар тукуму­нун уруусу, көп жылдык чөп өсүмдүк. Бийикт. 130 см, бозомтук, жыш түктүү, жыттуу, өзөк тамыры кыртышта терең өсөт. Сабагы тик, бу­тактуу, жөнөкөй ж‑а татаал жалбырактуу, жалбырак сабы кыска. Мөмөсү – чанак, бир уруктуу, анын сырты түктүү. Дүйнөдө 130га жакын түрү субтропик аймактарда таралган. Кытайда ж‑а Индияда айдалат. КМШ өлкө­лөрүндөгү 3‑4 жапайы түрүнүн көбү отоо чөп. Айрымдары жашылдандырууда, дары катары элдик медицинада, тамак‑ашка, а. ч‑сында тоют чөп катары, жеңил өнөр жайда була алуу үчүн кеңири колдонулат.