АК КОДОЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:40, 24 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК КОДОЛ (Aconitum rotundifolium) – байчече­кейлер тукумунун уу коргошундар уруусундагы көп жылдык өсүмдүк. Тамыры эки бөлөк жумуру түймөк. Сабагынын бийиктиги 7‑35 смге жетет, тармалданган түк менен жыш капталган, жалбы­рактары 5‑7 бөлүккө бөлүнгөн, түксүз, саптуу; топ гүлү чачы, гүлдөрү көгүш кызыл. Бийик тоо­догу жайлоолордо кездешет. Борбордук Азия, Жун­гар Ала‑Тоосу, Кытайдын бийик тоолорунда та­ралган.