АК КЕЛТЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:14, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(ир. «калта» – кыска, «мил» – мыл­тык) – «Манас» эпосундагы башкы каарман Манастын мылтыгы. Эпосто касиеттүү, ыйык куралдын бири катары сүрөттөлөт. Мис., согуш болор алдында керегеде илинген жеринде өзүнөн өзү атылып, оозунан кан тамышы же Манас өлгөндөн кийин он эки жыл Абыкенин колун­да атылбай калышы ж. б. О. эле тунгус, маньч­жур алдеринде да «галтэ» добуштуу мылтык деген аталыш м‑н белгилүү.