АК-ӨЛӨҢ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:18, 30 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-ӨЛӨҢ– Ысык‑Көл облусунун Тоң районундагы кыштак. Көк‑Мойнок айыл аймагына караш­туу. Райондун борбору Бөкөнбаев кыштагынан 90 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекети­нен 21 км. Деңиз деңгээлинен 1650 м бийиктикте жай­гашкан. 1930‑ж. отурукташкан. Калкы 1497 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП, дарыкана, бейтапкана, ки­тепкана бар. Улуу Ата Мекендик согушта кур­ман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштак­та манасчы Саякбай Каралаев, Социалисттик Эмгектин Баа­тыры Ө. Тулөбердиев туулган.