АК-ТӨБӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:57, 15 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-ТӨБӨ ‒ Казакстан Республикасынын түндүк-батышындагы шаар. Ак-Төбө облусунун администрациялык борбору. Илек дарыясынын боюнда жайгашкан. Темир жол бекети. Калкы 387,8 миӊ (2015). Автомобиль жолдор түйүнү. Эл аралык аэропорт, феррокуйма, хром бирикмелери, айыл чарба машиналарын куруу, рентген аппаратура ж. б. заводдору, «Актюбинскхимпластмасс» өндүрүш бирикмеси, жеӊил, тамак-аш өнөр жайы иштейт. Тогуз ЖОЖ (анын ичинде авиация), театр, 2 музей бар. 1967-жылы Казакстандагы 1-планетарий ачылган. 1869-жылы аскерий чеп катары негизделген. Шаарда Советтер Союзунун Баатыры, көзгө атар мерген Алия Молдокулова туулган.