АК-ТӨБӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
‒ Казакстан Республикасынын түн.-батышындагы шаар. Ак-Төбө облусунун адм. борбору. Илек д-нын боюнда жайгашкан. темир жол бекети. Калкы 387,8 миӊ (2015). Автомобиль жолдор түйүнү. Эл аралык аэропорту, Феррокуйма, хром бирикмелери, а. ч. машиналарын куруу, рентген аппаратура ж. б. з-ддору, «Актюбинскхимпластмасс» өндүрүш бирикмеси, жеӊил, тамак-аш өнөр жайы, 9 ЖОЖ (а. и.

авиация окуу жайы), театр, 2 музей бар. 1967-ж. Казакстандагы биринчи планетарий ачылган. 1869-ж. аскерий чеп катары негизделген. Шаарда Сов. Союз. Баатыры, көзгө атар мерген А. Молдокулова туулган.