АК-ТҮЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:25, 22 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-ТҮЗ‒ Чүй обл-нун Кемин р-ндагы кыштак (2012-ж. чейин шаарча). Ак-Түз айыл аймагынын борбору. Аймактагы жалгыз кыштак. Кичи Кемин өрөөнүндөгү Ак-Түз капчыгайынын төрүндө, деӊиз деӊг. 2300 м бийиктикте жайгашкан. Кыштак ушул жердеги түстүү металл кендерин өздөштүүрүнүн натыйжасында 1938-ж. отурукташкан. Райондун борбору жана темир жол бекети Кемин ш-нан 45 км түн-чыгышта, Токмок ш-нан 80 км, Бишкек ш-нан 140 км чыгыш тарапта. Калкы 697 (2015). Ак-Түз мамл. акционердик коому, «Айнур» з-дунун филиалы иштейт. Орто мектеп, оорукана, бала бакча, 2 китепкана бар.