АК-ТООК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:46, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-ТООК ‒ Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Кыз-Көл айыл аймагына караштуу. Каду суусунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 35 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 32 км. 1850-жылы отурукташкан. Деӊиз деӊгээлинен 1310 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2 808 (2022); негизинен кой чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП, бала бакча, мончо бар. Кыштакта Кыргыз эл жазуучусу М. Борбугулов туулган.