АК-ТЕРЕК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:12, 30 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-ТЕРЕК, С у у л у у - К ы р г о о ‒ Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы кыштак. Жаргылчак айыл аймагына караштуу. Ак-Терек суусунун жана Бишкек ‒ Каракол автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 1632 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кыштагынан 25 км батыш тарапта, Балыкчы темир жол бекетинен 158 км. Калкы 3533 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, медпункт, маданият үйү, китепкана бар.