АК-ТЕРЕК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:26, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-ТЕРЕК, С у у л у у - К ы р г о о ‒ Ысык-Көл обл-нун Жети-Өгүз р-нундагы кыштак. Жаргылчак айыл аймагына караштуу. Ак-Терек суусунун жана Бишкек ‒ Каракол автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊг. 1632 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кыш-нан 25 км батыш тарапта, Балыкчы темир жол бекетинен 158 км. Калкы 3533 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, медпункт, мад-т үйү, китепкана бар.