АК-ТАМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:06, 14 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-ТАМ ‒ Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы кыштак. Ак-Там айыл округунун борбору. Райондун борбору Ала-Бука кыштагынан 15 км чыгыш тарапта. Наманган темир жол бекетинен 76 км. Ала-Бука ‒ Кербен автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 1396 м бийиктикте жайгашкан. 1900-жЫЛЫ отурукташкан. Калкы 4112 (2009); негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, маданият үйү, бала бакча, амбулатория бар.