АК-ТАМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:07, 30 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-ТАМ ‒ Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы кыштак. Ак-Там айыл округунун борбору. Райондун борбору Ала-Бука кыштагынан 15 км чыгыш тарапта. Наманган темир жол бекетинен 76 км. Ала-Бука ‒ Кербен автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 1396 м бийиктикте жайгашкан. 1900-ж. отурукташкан. Калкы 4112 (2009); негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, маданият үйү, бала бакча, амбулатория бар.