АК-ТАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
‒ Нарын обл-нун Ак-Талаа р-ндагы кыштак. Ак-Тал айыл аймагынын борбору. Райондун борбору Баетов кыш-нан 40 км түн. тарапта . Балыкчы темир жол бекетинен 260 км. Нарын д-нын түш. жээгинде, деӊиз деӊг. 1750 м бийиктикте жайгашкан. 1957-ж. орношкон. Калкы 1143 (2009); негизинен мал чарбасында ж-а дыйканчылыкта эмгектенет. Клуб, ФАП, мончо, байланыш түйүнү ж. б. бар. Кыштакта Соц. Эмг. Баатыры М. Койчиев туулган.