АК-СУУ кыштагы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:52, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-СУУ (1974-ж. чейин З а м б о р у ч ) ‒ Баткен облусунун Лейлек районундагы кыштак. Ак-Суу айыл өкмөтүнө караштуу. Ак-Суу суусунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 956 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Исфана шаарынан 26 км түштүк-батыш тарапта. Пролетарск темир жол бекетинен (Тажикстан) 70 км. Калкы 3825 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, маданият үйү, ФАП бар.