АК-СУУ ЧОПО КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 Чүй өрөөнүндө, Сокулук р-нунда, Ак-Суу темир жол бекетинен 1 км түш.-батышта, Ак-Суу сайынын кашат тектеринде. 1957-ж. табылган. 1959‒60-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагында антропоген мезгилинин борпоӊ чөкмөтектери жайгашкан. Чопо күрөӊ, кызгылт күрөӊ түстө, майда күл ботодон турат. Кумдуу шагылдын үстүндө жайгашып, калыӊдыгы 1,6‒8,5 мге чейин. Арасында карбонат тарамча лары, бүртүкчөлөрү бар. Айрым жеринде калыӊдыгы 0,1‒0,7 мге чейинки кумайлуу чопо, кумдук ж-а шагылдар учурайт. Гранулометри ялык курамы: 0,005‒0,05 мм ‒ 76,92%, 0,05‒0,5 мм ‒ 21,54%, 0,5‒2,0 мм ‒ 0,98%, 2,0 ммден жогоркусу 0,49%ке чейин. Баланстык запасы 418500 м3. Чоподон Ак-Суу кирпич з-дунда «100», «150» маркадагы кирпич ж-а черепица жасалат.