АК-КОЧКОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:04, 22 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-КОЧКОР – Ысык‑Көл об‑нун Жети‑Өгүз р‑ндагы кыштак. Жети‑Өгүз айыл аймагына ка­раштуу. Райондун борбору Кызыл‑Суу кыш‑нан 25 км түш.-чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 214 км. 1910‑ж. отурукташкан. Деңиз деңг. 1733 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1517 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана бар.