АК-КОРГОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:21, 14 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-КОРГОН – Жалал‑Абад облусунун Ала‑Бука районундагы кыштак. Ак‑Коргон айыл аймагынын борбору. Райондун борбору Ала‑Бука кыштагынан 17 км түштүк-чыгыш тарапта. Наманган темир жол бекетинен 65 км. 1900‑жылга чейин отурукташкан. Де­ңиз деңгээлинен 1180 м бийиктикте жайгашкан. Кал­кы 6410 (2009); негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, лицей,китепкана, эки бала бакча, маданиятт үйү бар. Турмуш‑тири­чилик комбинатынын бөлүмдөрү, оорукана, да­рыкана, тегирмен, май чыгаруучу цех иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор­го эстелик тургузулган.