АК-ЖОЛ - Сокулук районундагы кыштак

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:36, 14 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АК-ЖОЛ (1983‑ж. чейин Раздольный) ­Чүй обл‑нун Сокулук р‑ндагы кыштак. Ат‑Башы айыл аймагына караштуу. Бишкек – «Манас» (аэропорт) автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 685 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сокулук кыш‑нан 30 км түш.-чыгыш тарапта. Шопоков темир жол бекетинен 30 км. Калкы 3367 (2009); негизинен мал чарбасында эмгек­тенет. Орто мектеп, бала бакча, китепкана, ФАП бар.