АК-ЖАР - Талас облусундагы кыштак

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:48, 24 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-ЖАР – Талас районундагы кыш­так. Долоно айыл аймагына караштуу. Талас дарыясынын оң өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1351 м бийик­тикте жайгашкан. Райондун борбору Көк‑Ой кыштагы­нан 20 км түндүк-чыгыш тарапта, Маймак темир жол бекетинен 120 км аралыкта. 1910‑ж. отурукташкан. Калкы 2069 (2009); негизинен мал чарбасы менен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.