АК-ЖАР - Кочкор районундагы кыштак.

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:49, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Нарын обл‑нун Кочкор р‑ндагы кыш­так. Кум‑Дөбө айыл аймагына караштуу. Район­дун борбору Кочкор кыш‑нан 15 км батыш та­рапта. Балыкчы темир жол бекетинен 75 км. Деңиз деңг. 1836 м бийиктикте. Калкы 1656 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, байланыш түйүнү, клуб, мончо, дүкөн бар. Кыштакта Соц. Эмг. Бааты­ры Т. Сагынбаева туулган.