АК-БУУРА-ТУРУК КАПЧЫГАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:14, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Алай кырка тоосунун түн. капталындагы шаңшаар (каньон) сымал кууш капчыгай. Ак‑Буура (Ту­рук) суусунун багыты б‑ча түштүктөн түндүккө (Кызыл‑Чарба ж‑а Алчалы кыш‑нын аралыгын­да) 40–45 кмге созулат. Таманынын жазы жери 2–2,5 км, кууш жери 500–700 м, деңиз деңг. орт. бийикт. 1900– 2000 м. Капчыгай палеозойдун кумдук, акиташ теги, сланец ж‑а гранит, гра­нит‑диорит интрузия тоо тектерин суу жеп кетүүдөн пайда болгон. Капчыгай аркылуу Чал­Куйрук өрөөнү тарапка автомобиль жолу өтөт. Таманында бадалдуу токой өсөт.