АК-БУЛАК - Түп районундагы кыштак

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:24, 24 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-БУЛАК – Ысык‑Көл облусунун Түп районундагы кыштак. Ысык‑Көл ойдуңунун түндүк-чыгышын­да, Күнгөй Ала‑Тоонун этегинде, деңиз деңгээлинен 1740 м бийиктикте жайгашкан. Облустун борбору Ка­ракол шаарынан 42 км, райондун борбору Түп кыштагы­нан 13 км түндүк-батышта, Балыкчы темир жол бекетинен 174 км. 1961‑ж. отурукташкан. Кал­кы 1057 (2009). Күрмөнтү цемент жана кыш заводдо­ру иштейт. Ал жыл сайын республикада өндүрүлгөн клинкердин 8,5%ин (83 миң гг), цементтин 8,0%ин (97,1 миң п) иштеп чыгарат. Орто мек­теп, бала бакча, клуб, китепкана, оорукана бар.